Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев орун басарларына жана бөлүмдөрдүн начальниктерине КР Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасында объекттерди долбоорлоо, куруу жана башка өзгөртүүгө документтерди берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун жаңы долбооруна түшүндүрмө берди. Ал уруксат берүүчү документтерди берүү жобосунун сунушталган редакциясы жөнүндө, атап айтканда, шаар куруу корутундусун даярдоо жана берүү жана долбоордук документтерди макулдашуу жөнүндө айтып берди.
Жамаат документтерди берүү тартибин кыйла жөнөкөйлөтө турган бул долбоорду колдоду.
Бул жобо мындан ары министрликтер жана ведомстволор менен белгиленген тартипте макулдашылат