Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевге жана “Бишкекбашкыархитектура” МИнин жамаатына атайын “Бишкекбашкыархитектура” МИ үчүн иштелип чыккан геопорталдын учурдагы баскычын жана аткарылган иштерди көрсөтүштү.
Бул программанын жардамы менен ишкананын жетекчилиги жана адистери чычканчаны чыкылдатуу менен курулуп жаткан же курулуп бүткөн объект жөнүндө бардык керектүү кадастрдык маалыматты биле алышат.
Мунун баары ишти жөнөкөйлөтүү жана убакытты үнөмдөө үчүн жасалып жатат, анткени бүгүнкү күндө адистер алгач объектти планшеттен издеп, көтөрүп чыгып жана кагаз архивин изилдешет.
Адистердин айтымында, учурда алар керектүү көлөмдүн 90% ын бүтүрүштү жана инструменттин өзүн үстүбүздөгү жылдын октябрына чейин бүтүрүүнү пландап жатышат. Мындан кийин кызматкерлер бул инструмент аркылуу бардык топтолгон архивдик маалыматтарды ички коопсуз серверлерге өткөрө алышат.
Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев аталган багыттагы иштерди кыска мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.

Видеону көрүү: https://www.youtube.com/watch?v=0yzGgxXfTvA

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.