Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевдин жана “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин Татарстан Республикасына болгон иш сапарынан кийин, Казань мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү менен тыгыз байланыш түзүүгө мүмкүн болду.
Казань шаарынын “Баштапкы документтерди даярдоо борбору” муниципалдык унитардык ишканасы (МУИ) геодезия, геология, картография, архитектуралык долбоорлоо, кадастр жана жерге жайгаштыруу жаатындагы иштер менен алектенет жана анын адистери учуп келүүгө жана мастер-класс өткөрүүгө даяр.
Мурунку күнү, видеоконференцбайланыш аркылуу Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев жетектеген “Бишкекбашкыархитектура” МИнин санариптештирүү бөлүмүнүн начальниги, IT боюнча башкы адиси жана топограф адистери “Баштапкы документтерди даярдоо борбору” муниципалдык унитардык ишканасынын (МУИ) жетекчиси Роман Повышев менен кызматташуу, тажрыйба алмашуу жана Бишкекке келүүсү тууралуу сүйлөшүштү.
“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасын санариптештирүү жана реформалоо долбоорунун алкагында, IT адистери Бишкектин бардык имараттарынын, курулмаларынын жана жолдорунун маалыматтарын санариптештирүү үчүн программалык камсыздоонун үстүндө иштөөнү активдүү улантышууда. Бул программанын жардамы менен ишкананын жетекчилиги жана адистери чычканчаны чыкылдатуу менен курулуп жаткан же курулуп бүткөн объект жөнүндө бардык керектүү кадастрдык маалыматты биле алышат.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.