“Бишкекбашкыархитектура” МИнин кызматкерлери шаардын көрүнүшүн жакшыртуу боюнча иштерди активдүү улантууда. Бирдиктүү дизайн, бирдиктүү октук сызык, жөнгө салынуучу бийиктик жана астына койгучтарсыз (подложка). Бул бишкектин кабыл алынган жана күчүнө кирген Дизайн кодунун талаптарынын бири. Айрым ишкерлер талаптарды аткарбай жатышат, ишкананын адистери алар менен маек куруп, объектке паспортту кантип алуу керектигин түшүндүрүшүүдө. Бүгүнкү күндө, ишкананын адистери көптөгөн ишкерлердин сырткы жарнаманы жана маалыматты жайгаштыруу Эрежелерин бузуп жатканын Чүй проспекти, 174 дарегиндеги үйдүн мисалында көрсөтүштү. Бузууларды өз алдынча жоюу үчүн аларга эскертүүлөр берилген. Эрежелер аткарылбаган учурда, “Бишкекбашкыархитектура” МИнин кызматкерлери Бишкек мэриясынын кызматтары менен биргеликте жарнамалык жана маалыматтык конструкцияларды демонтаждашат, ал эми жайлардын ээлерине же ижарачыларына айып пул салынат. Шаардын архитектуралык-көркөм жана эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана сырткы жарнаманын жана маалыматтын мамлекеттик тилдеги тексттерин адабий тилдин ченемдерине ылайык келтирүү, Бишкек шаарында сырткы жарнама жана маалымат каражаттарын жайгаштырууну жана пайдаланууну тартипке келтирүү максатында, “Бишкекбашкыархитектура” МИси ишкерлерден көлөмдүү тамгаларга тапшырык берүүдөн же жарнамалык жана маалыматтык конструкциялардын башка түрлөрүн орнотуудан мурун, объектке паспорт же архитектуралык-техникалык корутунду алуу зарыл экендигин өтүнөт. “Бишкекбашкыархитектура” МИнин шаардык дизайн бөлүмүнөн төмөнкү телефондор аркылуу Сиз кеңеш ала аласыз: 0700 23 53 52 0500 90 59 55 0700 22 34 33 же 0312 31 29 90

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.