Бүгүн, “Бишкекбашкыархитектура” МИнин жыйындар залында Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев, анын орун басарлары Азирет Акимов, Назгүл Койбагарова жана Медер Кыдырмаев, ишкананын кызматкерлери, ошондой эле Бишкек мэриясынын санариптик технологиялар борборунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуусун өткөрдү.

Маалыматтык технологиялар жаатындагы эксперттер, Азия Өнүктүрүү Банкынын өкүлдөрү жана иштеп чыгуучу компания жумушчу жолугушууда санариптештирүү долбоору боюнча алгачкы талдоону өткөрүштү.

Эске салсак, “Бишкекбашкыархитектура” МИ арыздарды башкаруунун автоматташтырылган тутумун түзүү боюнча Азия Өнүктүрүү Банкынын долбоорунун бенефициары болуп саналат.

“Бишкекбашкыархитектура” МИ борбордогу шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн эң ири камсыздоочусу болуп саналат, ошондуктан АӨБ пилоттук долбоор катары дал ушул органды тандаган.

Долбоор бир жылга эсептелген, бул мезгилде адистер жашоо цикли аяктаган учурдагы тутумдун ордуна заманбап программалык камсыздоону иштеп чыгышат. Ал эми жакынкы үч айда кезектеги фаза ишке киргизилет.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.