“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын жыйындар залында Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаевге, Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) курулуш боюнча комитетинин Ардак грамотасы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле КР СӨП менен жемиштүү кызматташтыгы үчүн тапшырылды.
Грамота менен бирге, ал шаардын архитектуралык стилин жакшырткандыгы, социалдык-маанилүү объектилердин курулушунда инновациялык технологияларды киргизгендиги, ошондой эле жаңычыл ыкмасы жана ыкчам чечимдери үчүн “Ыраазычылык” (“Благодарность”) статуэткасын алды.
Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев Темир Сариевдин атынан Соода-өнөр жай палатасынын жамаатына жана жетекчилигине эмгегин жогору баалагандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирди.