“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын шаардык дизайн бөлүмүнүн адистери Ала-Тоо аянтындагы имараттардын фасаддарынын документтерин – паспортторун даярдоону аякташты.
Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев “Дизайн кодун” ишке ашыруунун алкагында, Ала-Тоо аянтындагы имараттардын фасаддарынын паспортторун жактырды.
Документте кырдаалдык план-схема, фасаддардын архитектуралык – өң-түс чечимдери, фасаддардын 3D көрүнүшү, фасаддарды жасалгалоочу материалдар жөнүндө маалымат, ошондой эле документте витриналардын түзүлүшүнө жана жабдууларына жалпы талаптар жазылган.
Мындан тышкары, объекттин паспортунда кондициялоо жана желдетүү тутумдарын кантип жана кайда орнотуу керектиги көрсөтүлгөн. Документте тышкы блоктор атайын тосмолор менен жабылып, фасаддагы бирдиктүү октук системага байлануусу керектиги көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, мындай паспортторду Бишкектин ишкерлери активдүү алып жатышат. Аны алуу үчүн “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын “Бирдиктүү терезе” бөлүмүнө кайрылуу керек.

Видеону көрүү : https://www.youtube.com/watch?v=4Kjkr6dnH_0

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.