Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча жана борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин жеке көзөмөлү астында, мезгилдин бардык талаптарына жооп берген, ФИФА 4 стандартындагы оюн талаасы жана эки машыгуу талаасын камтыган заманбап футбол академиясын куруу процесси активдүү уланууда.
“Бишкекбашкыархитектура” МИнин адистери автордук көзөмөлдү жүргүзүүдө.
Долбоордун алкагында трибуналар, чечинүүчү бөлмөлөр жана башка керектүү инфратүзүмдүк бөлүктөр орнотулат. Академиянын аймагында спортчуларга жана конокторго ыңгайлуу болушу үчүн, дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу комплекс жана мейманкана курулат.

Видеону көрүү: https://www.youtube.com/watch?v=EMPCHIiyap0

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.