“Бишкекбашкыархитектура” МИнин архитектуралык-техникалык корутундулары колунда бар ишкерлер ишкананын талаптарын аткарышкан эмес жана шаардын кодуна туура келбеген көрнөктөрдү орнотушкан. Буга байланыштуу, мэриянын кызматтары тарабынан демонтаж жасалган.
Айрым ижарачыларга жана объект ээлерине, Бишкек шаарынын аймагында сырткы жарнакты жана жарнактык конструкцияларды жайгаштыруу Эрежелерине ылайык келтирүүнү өз алдынча жүргүзүү үчүн үч күн мөөнөт берилди. Бишкек мэриясынын ЖКБсы протокол жазып, айып пул салды.
Баса, бүгүнкү күндөгү демонтаждоо процессине Астана шаарынын акимиатынын “Астана-Жарнама” коммуналдык мамлекеттик мекемесинен кесиптештер көз салышты. Алар: Ермекбай Дулат – директордун орун басары, Жумабекова Асемгүл – административдик – укуктук бөлүмдүн жетекчиси жана Ролланова Тамила Роллан кызы – архитектуралык көрүнүштүн абалы жөнүндө маалыматты иштеп чыгуу жана талдоо бөлүмүнүн жетекчиси.
Казакстандын борборунда жарнама жайгаштырууну жөнгө салган документ анча деталдуу эмес. Астаналык кесиптештер колдонулуучу чечимдерге кызыгышты.
Ошондой эле, “Бишкекбашкыархитектура” МИнин жыйындар залында Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевдин Астанадан келген коноктор менен расмий жолугушуусу болду. Ал эрежелер кандай кабыл алынганын жана документти даярдоо процессинде кандай кыйынчылыктарга туш болгонун айтып берди.
Казакстандык адистерге теориялык жактан гана айтып бербестен, иш жүзүндө Бишкекте дизайн-коддун биринчи этабы Бишкек мэриясынын кызматтары менен биргеликте кантип ишке ашырылып жатканын көрсөтүштү.
Бишкек мэриясы, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун алдында бирдиктүү дизайн-кодду сактоо үчүн, ишкерлерден “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасына кайрылууну өтүнөт.
Видеонк көрүү: https://www.youtube.com/watch?v=6oghXjUIgC4