Бишкекте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата өлкөнүн башкы желеги үчүн бийиктиги 100 метр болгон жаңы флагштоктун тетиктерин орнотуу иштери аяктады.
Ишти аткаруу үчүн коңшу өлкөдөн атайын техника тартылган.

Буга чейин эски 45 метрлик флагштокту жана ардактуу кароолдун кабинасын демонтаждоо иштери бүткөрүлгөн. Оңдоп-түзөө иштерине 500 чарчы метр гранит тактайларын орнотуу да кирет.

Подрядчы — «Эталон вин Спец Строй» ЖЧКсы.
Белгилей кетсек, флагшток Түркиядагы эң ири заводдордун биринде жасалып, атайын жабдыктардын жардамы менен алынып келинген. Бул полимердик каптоо менен жогорку бекем цинктен.

Видеону көрүү:  https://www.youtube.com/watch?v=OSr-iAKzE2k

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.