Долон Өмүрзаков атындагы стадиондун 5000 көрүүчү орундуу кичи спорттук аренасынын аймагындагы курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.

“Бишкекбашкыархитектура” МИ курулуштун жүрүшү кайсыл баскычта экенин бийиктен көрсөтүүнү чечишти.

Долбоор менен жер астындагы авто унаа токтотмо жайы жана техникалык жайлар, зал, оюн талаасы, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жана башка жайлар, ошондой эле, фудкорт зонасы, трибуналар жана административдик жайлар каралган. 3-кабатта – VIP лоджия долбоорлонгон. Эс алууну өнүктүрүү үчүн чоңдордун тынч эс алуусу үчүн сейил бак аянты пландалган.

Фасаддык чечим имараттын оригиналдуу образын түзүү максатында аткарылган. Фасаддар айлана-чөйрө менен жакшы айкалышат. Чоң панорамалык терезелери менен ачык жана ак түстөгү фасаддын өн-түс чечими заманбаптыкты жана жайлуулукту берет.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.