Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы №134 токтому менен Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелерин жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө Эрежелер бекитилген.
Бирдиктүү архитектуралык-эстетикалык көрүнүштү калыптандыруу жана борбордун учурдагы архитектуралык чөйрөсүн жакшыртуу максатында “Бишкекбашкыархитектура” МИ ишкерлерди борбордун Дизайн-кодун бузбоого жана көрнөктөрдү, жарнамалык конструкцияларды жана башка конструкцияларды Эрежелерге ылайык жайгаштырууга чакырат. Кененирээк “Бишкекбашкыархитектура” МИнин расмий сайтынан таанышууга болот:
https://bga.kg/?page_id=8358
Шаардын башкы сүрөтчүсү Рысбек уулу Сыймык бир нече мисалдар менен ачык бузууларды жана жарнамалык жана башка конструкцияларды кантип туура жайгаштырууну көрсөтүп берди.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.