“Бишкекбашкыархитектура” МИ арыздарды башкаруунун автоматташтырылган тутумун түзүү боюнча Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун бенефициары болуп саналат. Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев, начальниктин орун басары Азирет Акимов маалыматтык технологиялар тармагындагы эксперттер, Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү жана иштеп чыгуучу компания менен жолугушту. Компаниянын өкүлдөрү санариптештирүүнүн жардамы менен татаал процесстерди кантип жеңилдетүүгө жана тездетүүгө болорун айтып беришти. Долбоор бир жылга эсептелгендиктен, бул мезгилде адистер жашоо цикли аяктап жаткан учурдагы тутумдун ордуна заманбап программалык камсыздоону иштеп чыгышат. Бирок, Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев, иштеп чыгуучулардан мөөнөттөрдү кыскартууну жана жакынкы айларда алгачкы жыйынтыктарды көрсөтүүнү суранды. “Бишкекбашкыархитектура” МИ борбордогу шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн эң ири камсыздоочусу болуп саналат, ошондуктан АӨБ пилоттук долбоор катары дал ушул органды тандады. Жолугушууда адистер, программалык камсыздоо кызматкерлерге тезирээк жана сапатын жоготпостон иштөөгө жардам берерин айтышты. Мында, эң ыңгайлуу сервис пайдалануучунун жеке кабинети болот, башкача айтканда, тапшырыкчы арыз берип эле калбастан, документтерди даярдоонун бүтүндөй жараянына көз салууга мүмкүндүгү болот. Кагаз варианты келип, жеринде арыз берүүнү чечкендер үчүн кала берет.
Видеону көрүү: https://youtu.be/UH2NnCp9axk