“Бишкекбашкыархитектура” МИ MBANK менен бирге, ишкана тарабынан калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтар үчүн накталай эмес төлөм тутуму боюнча активдүү иштерди баштады. Эми банкка барып, ишкананын кызматтарына акы төлөөнүн кажети жок, уюлдук телефонуңузда MBANK тиркемеси болушу жетиштүү, сиз QR-кодду сканерлеп, кызматты жеринде төлөйсүз.
Биринчи кардарлар өз ойлору менен бөлүшүп, накталай эмес төлөм тутуму абдан жөнөкөй жана ыңгайлуу экенин айтышты.
“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын жетекчилиги жана жамааты шаардыктар жана борбордун коноктору үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүүнү улантууда. 

Видеону көрүү: https://www.youtube.com/watch?v=VpHfLjKzQgM

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.