Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев бардык жооптууларга курулуш иштеринин сапатына көңүл буруп, ишти тездетүү тапшырмасын берди. Ошентип, процесс абдан активдүү жүрүп жатат. Бүгүн, 15-июлда биз “Алга” (мурун “Эмгек резервдери”) спорт комплексинин курулушунун жүрүшү жөнүндө сүрөт баянды даярдадык.
Белгилей кетсек, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы тарабынан иштелип чыккан жумушчу долбоорго ылайык, борбордун аймагына трибунасы менен стадион, футбол, волейбол, баскетбол, воркаут аянтчалары, ошондой эле спорттук комплекси, амфитеатр жана унаа токтотуучу жайларды куруу пландалууда. ЧЧК бойлото долбоордо променад – сейилдөө зонасын уюштуруу каралган.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.