Бишкектин башкы архитектору, Урмат Карыбаев “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын начальнигинин биринчи орун басары, Азирет Акимов жана шаар курулушун пландоо бөлүмүнүн башкы адиси, Адилет Конокбаев Nikken Sekkei архитектуралык компаниянын жапон архитекторлору менен Бишкекти өнүктүрүү боюнча негизги маселелерди талкуулашты.
Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана шаардыктар үчүн ыңгайлуу чөйрөнү түзүү темалары козголду.
Натыйжалуу жана ыкчам иштөө максатында ушул сыяктуу онлайн кеңешмелерди жума сайын өткөрүү чечими кабыл алынды.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.