“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын начальнигинин орун басарлары, Нурдин Есенбаев жана Назгүл Койбагарова ишкананын бөлүмдөрүнүн начальниктери менен жыйын өткөрүштү. Борбор калаадагы экологиялык абалды жакшыртуу жана коомдук транспорттун сапатына мониторинг жана талдоо жүргүзүү максатында, алар шейшемби жана бейшемби күндөрү жеке автоунаа колдонууга чектөө киргизилгенин эске салышты. Ишкананын жетекчилиги бөлүмдөрдүн начальниктерине бардык кызматкерлерге дагы бир жолу маалымат жеткирүүнү суранды.