Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев Ала-Тоо аянтын реконструкциялоо долбоорундагы техникалык учурлар маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Начальниктин орун басарлары, ошондой эле башкы инженер жана шаарды көрктөндүрүү бөлүмүнүн начальниги аткарылган иштер тууралуу айтып беришип, өз сунуштары менен чыгышты. Өз кезегинде Урмат Карыбаев шаардык кызматтар менен болушунча тыгыз байланышта болуп, жакынкы күндөрү бул техникалык маселелерди чечүүгө чакырды.
Эске салсак, Ала-Тоо аянтын реконструкциялоодо фонтан топторун жаңылоо, суу түтүктөрүн алмаштыруу, фонтан конструкцияларын батыш, чыгыш тарабынан жана аянттын борбордук бөлүгүндөгү сырткы көрүнүшүн өзгөртүү гана каралган эмес. Ошондой эле, отургучтар жана башка чакан архитектуралык формалар толугу менен жаңыртылат. Эски тепкичтерден демонтаждалган табигый таш плиталардын геометриясын кайра иштетүүдөн жана калыбына келтирүүдөн кийин кайра орнотулат.