Zaha Hadid директору Мануэла Гатто жана ага кызматкери Евгений Позигун “Бишкекбашкыархитектура” МИ келишти.
Башкы архитектор Урмат Карыбаев Бишкек жана жалпы Кыргызстан үчүн кандайдыр бир биргелешкен долбоорду ишке ашыруу сыймык болоорун айтты.
Ал, Бишкекти административдик-аймактык реформалоонун алкагында борбор шаар үчүн концептуалдык долбоорлорду – олимпиадалык бассейнди, коомдук мейкиндиктерди, музейлерди, жаңы автобекеттерди жана башка көптөгөн инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү көбөйгөнүн жана алдыда ишке ашыруу турганын баса белгиледи.
Zaha Hadid Architects өкүлдөрү бөлүмдөрдүн начальниктери үчүн, буга чейин ишке ашырууга мүмкүн болгон долбоорлорун көрсөтүштү жана айтып беришти.
Өз кезегинде, башкы архитектор Урмат Карыбаев алардын компаниясынын чыгармачылыгын байма-бай байкап турарын жана бүгүн алардын Бишкекке болгон көз карашын уккусу келгенин билдирди.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.