Бангкок шаарында (Таиланд) Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) программасы боюнча абанын булганышы жана башка темаларды камтыган “Азиянын ачык көк асманы” окуу семинары билим алмашуу максатында уюштурулду.
Иш-чарада жол кыймылына байланыштуу, абанын булганышынын адамдын ден соолугуна тийгизген таасири жана абанын булганышын азайтуу үчүн зыяндуу заттарды чыгарбаган аймактар боюнча чаралар талкууланды.
Зыяндуу заттарды чыгарбаган аймактар бул – коомдук транспорт, (газ,электр менен) вело жүргүнчүлөр (СИМ), жөө жүргүнчүлөр жүрө турган аймактар.
“Бишкекбашкыархитектура” МИнин жол-транспорт өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги – Үмөталы Алыбаев катышты.