Бишкек шаарынын башкы архитектору- Урмат Карыбаевдин тапшырмасы боюнча, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын башкы инженери- Махабат Шамбетова, жана шаар четиндеги аймактын башкы адиси-Турдубек Сатиев менен биргеликте Кытай инвестициялык компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда жылуулук-энергетикалык бөлүгү каралып, заводдун электр энергиясын иштеп чыгуусу жана андан ары Кыргызстан улуттук электр тармагына (КУЭТ) берүү боюнча бардык техникалык маселелер талкууланды. Чет өлкөлүк адистер катуу тиричилик калдыктарын утилизациялоонун негизинде электр энергиясын иштеп чыгаруучу заводдун курулуш долбоорун даярдашат, андан соң “Бишкекбашкыархитектура” МИнин адистери бул долбоорду Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан азыркы ченемдерге ылайыкташтырышат.