«Бишкекбашкыархитектура» Муниципалдык ишканасынын жетекчилиги жана жамааты сиздерди Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктайт!

Урматтуу, согуштун ардагерлери жана тыл эмгекчилери! Сиздерди Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы менен чын дилибизден куттуктайбыз!

9-май өзгөчө сыймык жана урмат-сыйдын майрамы! Чоң ата, чоң апаларыбыз өз өмүрүн аябай, тынчтык үчүн күрөшүп, Мекенибизди сактап калышкан.

Бүгүнкү күндө ар бир үй-бүлө өз жакындарын – фронтто эрдигин көргөзгөн тылда эмгектенген баатырларды эскерет.

Урматтуу ардагерлер! Улуу Жеңиш үчүн сиздерге таазим жана ыракмат! Согуш мезгилиндеги оор сыноолор дагы деле көз алдыңыздарда, аны билебиз! Эми биз элибиздин, жерибиздин тынчтыгы үчүн күрөшөбүз.

Сиздердин эрдигиңиздер ар дайым өлкөбүзгө болгон жан аябас сүйүүнүн жана берилгендиктин үлгүсү болуп кала берет!

Ар бир адамга чың ден соолук, бакубатчылык, бакыт-таалай, тынчтык, жакшылык каалайбыз! Майрамыңыздар менен!

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.