“Бишкекбашкыархитектура” МИнин жыйындар залында биринчи жолу жарандарды биргелешип кабыл алуу өткөрүлдү. “Бишкекбашкыархитектура” МИнин начальнигинин орун басарлары Нурдин Есенбаев жана анын Бишкек мэриясынын Жеке турак жай курулуш департаментинен кесиптеши Чынгыз Кемелбеков жер маселелери боюнча жарандарды кабыл алышты.

Тургундардын орун басарларга берген негизги суроолору – уруксат документтерин алуу, ошондой эле жерге мунапыс берүү маселелери болду. 20 га жакын адам, анын ичинде турак-жай конуштарынын өкүлдөрү өз суроолоруна квалификациялуу жоопторду алышты.

Биргелешип кабыл алуу (ББА жана ЖТКД) суроолорго тез жооп берүүгө жана жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүндүк берди. Нурдин Есенбаев мындай тажрыйба 2024-жылы биринчи жолу жүргүзүлүп, шаардыктар үчүн оң жана ыңгайлуу болгонун, мындай муниципалдык кызматтардын кызматташтыгы мезгил-мезгили менен жүргүзүлүп тураарын айтты.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.