Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев 2024-жылы биринчи жолу жарандарды кабыл алууну жүргүздү. Ал, көрнөк-жарнактар жана жарнамалык долбоорлор боюнча маалымат алуу үчүн келген ишкерлерди кабыл алды. Ошондой эле, башкы архитектор 7 жылдан бери чечилбей келе жаткан талаштуу жер маселесин жеке өзү иликтей турганын айтты. Бир нече адам жер мунапысы жана талаштуу участоктор боюнча суроолор менен келишкен. Эскерте кетсек, башкы архитектор менен жеке жолугушууга 31-81-09 телефону боюнча жазылсаңыз болот.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.