“Бишкекбашкыархитектура” МИнин топография секторунун
башкы адиси Алмаз Соконов Бишкек мэриясынын тапшырмасы
менен Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү жашылдандырылган
аймактарды, тактап айтканда, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы
гүлбакчаны ирээтке келтирүү үчүн топографиялык съемка тартты.
Раззаков атындагы КМТУнун “Геодезия жана аралыктан
зонддоо” багыты боюнча 6 студенти “Бишкекбашкыархитектура”
МИде квалификациялоо алдындагы жана изилдөө практикасынан өтүүдө.
Ишкананын адиси келечектеги кесиптештерине ишти жеринде
көрсөтүп, топографиялык съемка кандай жүргүзүлөөрүн айтып
берди. Студенттер жөн гана көрүшпөстөн, съемканы даярдоого
түздөн-түз катышышты. Бул иш процесси, шаардагы жашыл
аянттарды андан ары каттоо жана күтүү үчүн паспорттоштурууга
зарыл.
Андан кийинки түйшүктүү иштерди аткаруу милдети,
“Бишкекбашкыархитектура” МИнин шаарды көрктөндүрүү
бөлүмүнө жүктөлөт.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.