Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевдин
демилгеси менен Абдрахманов көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө
чейинки Ахунбаев көчөсүндөгү кирүү топторун жана көрнөк-
жарнактарды иретке келтирүү иштери башталды.
“Бишкекбашкыархитектура” Минин Биринчи май районунун
башкы архитектору Дастан Кадыров Бишкек мэриясынын түзүмдүк
бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте турак эмес жайлардын
ээлерине жана ижарачыларына эскиздик долбоорду тааныштырды.
Курамына Бишкек шаары боюнча архитектура-курулуш
контролдоо башкармалыгынын, Бишкек мэриясынын
муниципалдык инспекциясынын, Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө
башкармалыгынын, МАБдардын өкүлдөрү жана
“Бишкекбашкыархитектура” МИнин сырткы жарнама бөлүмүнүн
кызматкерлери кирген комиссия турак эмес жайлардын ээлери
жана ижарачылары менен түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Аларга
“Бишкекбашкыархитектура” МИнин сырткы жарнама жана шаарды
көркөм жасалгалоо бөлүмүнүн адистери тарабынан иштелип
чыккан эскиздик долбоор тапшырылды, ага ылайык жарнамалык
конструкцияларды алып чыгуу зарыл жана бир жумалык мөөнөттө
долбоорго ылайык келбеген көрнөктөрдү өз алдынча бузуу
зарылдыгы тууралуу билдирүү тапшырылды.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.