“Бишкекбашкыархитектура” МИнин жетекчилиги жана бөлүм башчылары Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда чет өлкөлүк коноктор “Бишкекбашкыархитектура” МИнин сын-пикирлери жана сунуштары менен толук иштелип чыккан Бейшеналиева көчөсүнөн Ибрагимов көчөсүнө чейинки Киев көчөсүнүн долбоорун жана бул долбоордун алкагында Панфилов көчөсүнө чейин жөө жүрүүчүлөр чөлкөмүн уюштурууну эске алуу менен Бейшеналиева көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки экинчи вариантты көрсөтүштү.
Узунураак вариантында автобустар үчүн атайын жол тилкесин, велосипед жана жөө жүрүүчүлөр үчүн өзүнчө тилкелерди жана айкалышкан кыймыл үчүн эки тилкени камтыйт. Мындан тышкары, бул бөлүктө кеңейтилген транспорттук түйүндөрдү жасоо жана “сырткы эмеректерди” орнотуу сунушталат.
Жетекчинин орун басары Марат Жороев аткарылган иштер үчүн ыраазычылык билдирип, бул долбоорду чогуу улантууну сунуштады.
Киев көчөсүн кайра конструкциялоо долбоору электробустар үчүн пилоттук коридорду өнүктүрүү менен байланышкан, ал жол кыймылын уюштурууну жана автобустардын эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн жакшыртууга багытталган.

Видеону көрүү: https://youtu.be/t_u3zJ814W4

 

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.