Сулуулук салондорунун жана эки дүкөндүн ээлери маалыматтык,
жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана иштетүү эрежелерине
ылайык кыска убакыттын ичинде өзүлөрүнүн жарнак көрнөктөрүн
жаңыртышты.
“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын башчысынын
орун басары Марат Жороев, жарнама бөлүмүнүн башчысы Алмаз Каримов
менен биргеликте Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевдин
атынан ишкерлерге ыраазычылык каттарын тапшырышты.
Алар, борбордун фасаддары жана көрнөк-жарнактары боюнча жаңылоону
түшүнгөндүгү жана колдогондугу үчүн ыраазычылык билдиришти.
“Бишкекбашкыархитектура” МИ, ишкерлерди көлөмдүү тамгаларга
тапшырык берүүдөн мурда “Бирдиктүү терезе” бөлүмүнө консультация алуу
үчүн кайрылууга же ишкананын расмий сайтынан маалыматтык, жарнамалык
конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелерин жана Бишкек
шаарынын аймагындагы имараттардын, курулмалардын фасаддарынын
сырткы көрүнүшүн кылдат изилдөөгө чакырат.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.