“Бишкекбашкыархитектура” МИнин жыйындар залында жыйын болуп
өттү, ага прокуратура органдарынын өкүлдөрү, “Бишкекбашкыархитектура”
МИнин начальнигинин орун басары Марат Жороев, жарнама бөлүмүнүн
начальниги жана кызматкерлери, райондук администрациялардын,
Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин өкүлдөрү, Мамлекеттик
тил боюнча улуттук комиссиянын адиси жана башка адистер катышышты.
Жолугушууда адистер, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили
жөнүндө” Мыйзамын бузган жарнамалык көрнөктөрдүн мисалдарын
көрсөтүштү. Жолугушуунун соңунда Мамлекеттик тил жана тил саясаты
боюнча улуттук комиссиянын курамында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
чечими кабыл алынды.
Ошондой эле, чарба жүргүзүүчү субъекттердин көрнөктөрүнүн
тексттик бөлүгүн Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук
комиссия менен макулдашуу процессин жөнгө салуу жана тездетүү
тапшырылды.
Мындан тышкары, жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү
киргизүү сунушун демилгелөө сунушталды.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.