“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын Биринчи май районунун башкы архитектору Кадыров Дастан кирүү топторун жана маалыматтык конструкцияларды – көрнөктөрдү иретке келтирүү боюнча Манас жана Чынгыз Айтматов проспектисинде көчмө комиссияны уюштурду.
Көчмө комиссия Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү жана Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыктын өкүлдөрүнүн, Биринчи май району боюнча муниципалдык администрациянын адистеринин, Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин, №12, 13-МАБдардын кызматкерлеринин катышуусунда болду, көзөмөлдөө ыйгарым укуктары берилген ыйгарым укуктуу органдар дүкөндөрдүн жана ишкердик кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнүн ээлерине жана ижарачыларына маалыматтык конструкциялар-көрнөктөр боюнча эскертмелерди тапшырышты.
Комиссиялык чыгуунун жүрүшүндө жогоруда аталган органдардын өкүлдөрү белгилүү бир мөөнөттө, кирүү топторун жана маалыматтык конструкцияларды – көрнөктөрдү “Бишкекбашкыархитектура” МИси тарабынан берилген эскиздик долбоорго ылайык келтирүүгө милдеттендиришти, ошол эле учурда “Бишкекбашкыархитектура” МИнин кызматкерлери ушул жайлардын менчик ээлерине жана ижарачыларына кирүү топторунун жана маалыматтык конструкциялардын – көрнөктөрдүн макулдашылган эскиздик долбоорун көрсөтүштү.
Мындан ары, бул иш Бишкек шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте улантылат.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.