Бишкек мэриясынын кызматтары борбор калаанын Октябрь
районунда архитектуралык-көркөм концепция бөлүгү боюнча
активдүү иштерди улантууда.
Бишкектин Октябрь районунун башкы архитектору Мирбек уулу
Исмаилдин телефонограммасынын негизинде көчмө комиссия
түзүлдү.
Жолугушууга Октябрь району боюнча муниципалдык
администрациянын, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө
башкармалыгынын, Бишкек шаары боюнча мамлекеттик
архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын, Бишкек
мэриясынын муниципалдык инспекциясынын, муниципалдык
мүлктү башкаруу департаментинин өкүлдөрү жана МАБдын
адистери катышышты. Алар турак эмес жайлардын ишкерлерине
“Бишкекбашкыархитектура” МИнин эскиздик долбоорун
көрсөтүштү.
Байтик Баатыр көчөсүндөгү Лев Толстой көчөсүнөн Токомбаев
көчөсүнө чейинки менчик ээлерине жана ижарачыларга долбоор
боюнча кирүү топтору жана маалыматтык конструкциялар –
көрнөктөр кандай болушу керектигин көрсөтүштү.
Кимде баш тартуу же аткарбоо болсо, көчмө комиссия кирүү
топторун жана көрнөктөрдү белгилүү бир мөөнөттө шайкеш
келтирүү зарылдыгы тууралуу билдирүүлөрдү тапшырды.
Бул багыттагы иш уланат.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.