Шаардын дизайн коду деген эмне? Бул шаардык чөйрөнүн сырткы көрүнүшүн жана функционалдуулугун аныктаган стандарттардын жана жетектөөчү принциптердин жыйындысы. Шаардын дизайн кодун киргизүү – архитектуралык чечимдер, көчө мейкиндиги, ландшафттык дизайн жана коомдук жайлар үчүн бирдиктүү стандарттарды орнотууга мүмкүндүк берет.
Сиз билесизби, дизайн код деген Лондондо 1666-жылдан бери колдонулат. Борбор шаар жана Улуу Британиянын эң чоң шаары үчүн шаардын сырткы көрүнүшүнүн эстетикасынан тышкары, шаардын ыңгайлуу жана жеткиликтүү болушу маанилүү болчу.
Россияга келсек, Москвада Артемия Лебедевдин студиясы 2014-жылы Башкы АПБ менен биргеликте Москомархитектуранын буйругу боюнча, жарнамалык-маалыматтык конструкцияларды жайгаштыруунун архитектуралык-көркөм концепциясын же жөнөкөй сөз менен айтканда, дизайн кодду түзгөн. Бир нече жылдан кийин шаарды жасалгалоонун
эрежелери жана сунуштары Челябинск, Ижевск, Воронеж, Нижний Новгород жана Россиянын башка шаарларында кабыл алынган. Өткөн, 2022-жылы Өзбекстанда дизайн кодду киргизүү башталды. Ишке ашырууну борбордон башташты. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеп
чыгып, Ташкентте имараттардын архитектуралык элементтерин жапкан ар кандай көрнөк-жарнактарды, кулактандырууларды жана плакаттарды тартипке келтире башташты.
Бүгүнкү күндө биздин максатыбыз – бакубатчылыкка жана жашоо сапатынын жакшырышына өбөлгө түзгөн жагымдуу жана ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүү. Шаардын дизайн-кодунун жардамы менен биз бул максаттарга Бишкекте ишке ашырылып жаткан бардык долбоорлордун макулдашылуучулугун жана жогорку сапатын камсыз кылуу менен жете алабыз.
Бул Бишкек шаарынын тургундары үчүн эмне берет? Бул келечекте сиз сейилдөөдө, досторуңуз менен жолугушууда жана бош убактыңызды өткөрүүдө ырахат ала турган кооз жана функционалдык коомдук мейкиндиктерге кире аласыз дегенди билдирет. Ыңгайлуу жөө жүрүүчүлөр
зоналары, велосипед жолдору, сейил бактар жана гүлбакчалар түзүлөт, анда сиз эс алып, жаратылыштан ырахат ала аласыз.
Ошондой эле, бардык тургундар, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык чөйрөнүн жеткиликтүү болушуна өзгөчө көңүл бурабыз. Биздин бардык долбоорлор бардык шаардыктардын ыңгайлуулугун жана коопсуздугун эске алуу менен иштелип чыгат.
Шаардын дизайн коду жөн гана эрежелердин жыйындысы эмес, бул биздин сыймыктануубузду жана шаарыбызга болгон берилгендигибизди чагылдырган өнүгүү философиясы.