Бишкектин башкы архитектору, Урмат Карыбаев (ESAUD-2023)
Биринчи Евразиялык эл аралык Симпозиумунда адамдар үчүн урбанизм шаары программасын сунуштады.
“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси симпозиумду биргелешип уюштурду.
Урмат Карыбаев өзүнүн программасында, Бишкек мэриясынын жана мекеменин жакынкы жана келечектеги пландары тууралуу айтып берди. Анын баяндамасында шаардын кодунун дизайны, коомдук мейкиндиктер, урбан-транспорт, велоинфратүзүм, ошондой эле борбордогу суу жээктерин жана жөө жүргүнчүлөр бульварларын көрктөндүрүү темалары айтылды.
Мындан тышкары, Бишкектин башкы архитектору мекемени
санариптештирүү жана уруксат берүүчү документтерди берүүнү
оптималдаштыруу маселелерине токтолду.
Ошондой эле, ал Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Дубай
шаарында “Nikken Sekkei” архитектура боюнча дүйнөлүк лидери менен жакында болгон жолугушуусун өзгөчө белгиледи. Бишкек үчүн жаңы генпландын концепциясын иштеп чыгууга көмөк көрсөтөт деген алдын ала
макулдашуу бар.
Бишкектин башкы архитекторунун толук сөзүн биздин ютуб –
каналынан көрө аласыздар. https://youtu.be/ywQgx50LGSY