Жолугушууга “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик
мекемесинин башкы инженери, Экономика жана коммерция
министрлигинин, Энергетика министрлигинин өкүлдөрү, Бишкек
мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча
департаментинин жетекчилиги, ИИМдин ЖКККББнын жол
көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, Жаратылыш ресурстар
министрлигинин бөлүм башчысы, ошондой эле электромобилдерди өнүктүрүү ассоциациясынын президенти жана башкалар катышышты.
Бул этапта, Министрлер Кабинетинин Төрагасы АкылбекЖапаров
тарабынан электромобилдер үчүн электр станцияларын орнотуу
боюнча коюлган милдеттерди ишке ашыруу пландары жана
процесси аныкталган.
Бул чакырыкты аткаруу үчүн жооптуу мамлекеттик органдар
болуп, КР Экономика жана коммерция министрлиги, Бишкек
шаарынын мэриясы жана КР Энергетика министрлиги саналат.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.