Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы салына турган эс алуу аймагын көрктөндүрүү үчүн жеринде көчмө жыйын өткөрдү.

“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча коомдук мейкиндиктин эскиздик долбоорун иштеп чыкты. Жакында шаардыктар үчүн жайлуу, жашыл аянт пайда болот.

Ыңгайлуу болуш үчүн, коомдук даараткана,гүл сатуучу күркөлөр, биргелешкен дизайндагы гезит күркөлөрү, отургучтар жана бак-дарактар орнотулат. Аялдаманын ордуна жол тыгынын азайтуу пунктун жасоо пландалууда.

Учурда эски гезит күркөлөрү жана тосмолор демонтаждалууда.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.