Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаевдин катышуусундагы Техкеңеш
“Бишкекбашкыархитектура” ММнын жыйындар залында болуп өттү. Начальниктин орун
басарлары Марат Жороев жана Замира Кангелдиева, бөлүм башчылары жана адистер
биргеликте шаар куруу маселелерин талкуулап, чечим кабыл алышты. Атап айтканда, от
жагуучу жайды уюштуруу үчүн жер участогу бөлүгүндө архитектуралык-шаар куруу
корутундусуна толуктоо, учурдагы турак үйдү кайра конструкциялоо, архитектуралык-шаар
куруу корутундусуна толуктоо жана башка маселелер.
Техникалык кеңештин аркасынан арыз ээлерине негиздүү жана толук кандуу
жоопторду даярдоо процесси кыскарууда.