“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин начальниги
жума сайын жарандарды жеке кабыл алууну жүргүзөт, анда борбор
калаанын жашоочулары өзүлөрүнүн көйгөйлөрүн айтышат жана
аларды чечүүнү суранышат. Жарандардын бири турак жай
шаарчасынын аймагына кирүү маселеси көптөн бери чечилбей
келгенин айтты.
Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев мекеменин бир
нече бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен турган комиссия түзүп, ал
жерге барып, кырдаал менен таанышты.
Участокто ал атайын мобилдик тиркеменин жардамы менен жеке
өзү жолду ченеп, унаанын андан ары өтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө
айтып берди.
Белгилей кетсек, жерине чыгуу учурунда кирүү маселеси чечилди
жана мэриянын кызматтары каналы аркылуу аймакка кирүү
уюштурулду.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.