Бүгүнкү күндө, 10 команданын эң мыктысы “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик
мекемесинин кызматкерлери болду.
Бир нече сааттын ичинде биздин адистер, алар долбоорлордун башкы архитектору Советбек
Абышев, инженердик-техникалык шарттар бөлүмүнүн башкы адиси Бакытбек Юсупов,
райондук архитекторлор бөлүмүнүн адиси Айдана Довлетова, “Бирдиктүү терезе” бөлүмүнүн
жетектөөчү адиси Турсунай Эркинбекова жана “Бирдиктүү терезе” бөлүмүнүн башкы адиси
Мирбек Акматов турнирдин бүтүндөй жүрүшүндө жеңилишкен жок.
Экинчи орунда “Бишкексууканал” ӨЭБнин командасы, Бишкек боюнча ӨКМдин өкүлдөрү
коло байгелүү болушту.
“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги жана жамааты биздин
чемпиондорду куттуктайт!
Эске сала кетсек, ушул күндөрү түзүмдүк бөлүмдөрдүн, райондук администрациялардын жана
Бишкек шаардык кеңешинин арасында 2022-жылдагы Бишкек шаарынын мэринин кубогу
өтүп жатат. Мелдештер спорттун 7 түрү боюнча өтүүдө.
Мелдештин негизги максаты – Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын
руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу
жана дене тарбия менен спортту андан ары өнүктүрүү.
Спартакиада 19-ноябрда башталган, 2022-жылдын 11-декабрында аяктайт.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.