3-декабрда “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери бильярд
спорту боюнча мэрдин кубогунда ардактуу экинчи орунду ээлешти.
22 шаардык кызматтар жана “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү
бир нече сааттын ичинде ким мыкты болоруна ат салышышты. Биринчи орунду Бишкек
шаарынын мэриясынын Ленин администрациялык району боюнча муниципалдык
администрациясынын командасы ээледи жан аны менен биз атаандаштарыбызды чын
жүрөктөн куттуктайбыз!
“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги жана жамааты биздин
команданы: Ленин районунун башкы архитектору Улан Айжигитовду, жеке турак жай
курулуш бөлүмүнүн башкы адистери Дастан Абдрахмановду, Азамат Имакеевди бильярд
спорту боюнча экинчи орунду ээлешкендиги менен куттуктайт.
Эске сала кетсек, ушул күндөрү түзүмдүк бөлүмдөрдүн, райондук администрациялардын жана
Бишкек шаардык кеңешинин арасында 2022-жылдагы Бишкек шаарынын мэринин кубогу
өтүп жатат. Мелдештер спорттун 7 түрү боюнча өтүүдө.
Мелдештин негизги максаты – Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсанды руханий-
адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбия жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жана дене
тарбия менен спортту андан ары өнүктүрүү.
Спартакиада 19-ноябрда башталган, 2022-жылдын 11-декабрында аяктайт.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.