Бишкектин башкы архитектору-Урмат Карыбаевге эскиздик долбоорду түзүү процесси көрсөтүлдү, анда райондун бардык социалдык инфратүзүмү бала- бакчалары жана мектептер талап кылынган.”Бишкекбашкыархитектура” ММнин долбоордун башкы архитектору-Советбек Абышевдин көз карашы боюнча борбор калаадагы тыгындарды кантип чечүүгө жана шаардыктар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө боло
тургандыгы жөнүндө айтып берди.”Ата-энелер балдарын шаардын бир четинен экинчи четине мектептерге жана бала-бакчаларга алып барышат. Мен шаардын борборундагы чоң кварталдын мисалында көптөгөн шаар куруу маселелерин
кантип чечүүгө болорун көрсөтүү үчүн ушул ишти колго алдым”, – деди ал.
С.Абышев, Токмок шаарына барабар жана жаңы конуштардан эч айырмасы жок турак-жай кварталын куруунун эскиздик долбоорун сунуш кылууда. Бул Чүй проспектисинен төмөн, батыш тарабынан Аламедин дарыясы, чыгыш тарабынан Курманджан Датка жана Салиева көчөлөрү чектешкен. Дээрлик аяктаган долбоорго ылайык, С.Абышев бул кварталда 4
мектепти 20га жакын бала-бакчаны долбоорлоду. Бишкектин башкы архитектору, Урмат Карыбаев өзүнүн ага кесиптешинин үч айлык эмгегин баалап, аяктагандан кийин бул долбоорду Шаар куруу кеңешине сунуштоону сунуш кылды.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.