“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин жамааты
таштандыларды тазалоо боюнча “Таза мурас” жалпы улуттук өнөктүгүнө
активдүү катышууну улантууда. Бишкектин башкы архитектору Урмат
Карыбаев бөлүм башчыларын жана адистерди колдоду. Турусбеков
көчөсүнүн бекитилген бөлүгүн бүгүн архитектуралык-пландоо шарттары
бөлүмүнүн, чарбалык камсыздоо бөлүмүнүн, программалык камсыздоо жана
IT адистери, шаар куруу кадастры бөлүмү, шаарды көрктөндүрүү сектору
жана укуктук камсыздоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тазалашты.
Мамлекеттик мекеменин 40тан ашык кызматкери бекитилген аймакты катуу
тиричилик таштандыларынан, кургак бутактардан жана жалбырактардан
тазалашты.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.