Oct 20, 2022

Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагын
кыдырып чыгуу учурунда мамлекеттик мекеменин адистери
тарабынан Ахунбаев, Курчатов, Садырбаев көчөлөрүнүн
ортосундагы түндүк тараптан жөө адамдар өтүүчү тротуар
жок экендигин, буга байланыштуу аталган кварталдын
тургундары жана коноктору Ахунбаев көчөсүн бойлой,
жолду бойлоп, өмүргө жана ден соолукка коркунуч
туудуруп жаткандыгын байкашкан.
Мекеменин адистери тарабынан көчөнүн бул
бөлүгүндө жайгашкан объекттерди изилдеп, Ахунбаев
көчөсү, 47 дареги боюнча автомобилдерди сатуу алдындагы
даярдоо пункту берилген долбоордук документтерден
четтеп жайгашкандыгын аныкташты.
Ошондой эле, бул объекттин батыш бөлүгүндө Ахунбаев көчөсүнө чыккан тикендүү зым менен капиталдык тосмолор бар, ага мекеменин архивинде уруксат берүүчү жана укук
белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтер жок.
“Бишкекбашкыархитектура” ММси, Бишкек шаарынын
мэриясынан, “Бишкекасфальтсервис” МИсинен, көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясынан, ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин административдик району боюнча муниципалдык администрациясынан ушул даректе жайгашкан объекттердин жана имараттардын ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык жол берилген укук бузуу фактысы боюнча чараларды көрүүнү өтүнөт.
Андан кийин кароонун жыйынтыгы жөнүндө
“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесине
билдирсин. Ошондой эле, “Бишкасфальтсервис” МИси Ахунбаев көчөсүнүн бул бөлүгүндө жакынкы убактарда иш планын ишке ашыруу үчүн тротуардын курулушун титулдук
баракчага киргизүүнү өтүнөт.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.