Мен ачыкмын!
Бол-бол!
Сонун!
Сиз дем алыш күндөрүн кандай өткөрөсүз? Футбол
сүйүүчүлөрү-“Бишкекбашкыархитектуранын” мамлекетинин
мекемесинин кызматкерлери Бишкектин башкы архитекторунун
кубогунун жеңүүчүсүн аныкташты.
Бүгүн Бишкекте футбол аянтчаларынын биринде
“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин ар кайсы
бөлүмдөрүнүн алты командасы гол киргизүү жолу менен
жеңүүчүнү аныкташты.
Бир нече сааттын ичинде биздин адистер тактикасын, дене
тарбиясын жана албетте командалык ишин көрсөтүштү. Урулган
топтордун жыйынтыгы боюнча кубоктун жеңүүчүсү ГИС жана
топография бөлүмүнүн командасы болду, экинчи орунду
инженердик-техникалык шарттар бөлүмү жана коло медалдардын
ээси бул- райондук архитекторлор бөлүмү аталды.
Бишкектин башкы архитектору, Урмат Карыбаев ушул сыяктуу
спорттук иш-чараларды колдой турганын белгилеп, жеңүүчүлөргө
кубок жана акчалай сыйлык тапшырды.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.