Мыйзамсыз жарнактар боюнча комиссиялык чыгуу Бишкек
шаарынын Ленин районунда болду. “Бишкекбашкыархитектура”
ММнын, муниципалдык инспекциянын, Ленин райондук
администрациясынын өкүлдөрү, ошондой эле Бишкек шаарынын
мэриясынын мамлекеттик тил бөлүмүнүн кызматкерлери
“Тазалык” МИси менен бирге мамлекеттик тилдин талаптарына
жооп бербеген жарнак такталарын жана конструкцияларын
ажыратып алышты.
Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин бир нече сааттын
ичинде Чүй проспектиси боюнча 60тан ашуун ар кандай
жарнамалык конструкциялар бузулду. Андан ары Киев көчөсүндө
70тен ашык штендер, панелдер жана баннерлер ажыратылды.
“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси тротуарларга
штендерди орнотууга уруксат бербей тургандыгын эскертет.
Ошондой эле, Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын 27-
беренесине ылайык, Кыргыз Республикасында көрнөктөр,
кулактандыруулар, прейскуранттар жана башка көрсөтмө
маалыматтар алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде,
зарыл учурларда башка тилдерде да таризделет. Башка тилдердеги
тексттин шрифтинин өлчөмү мамлекеттик тилдеги тексттин
шрифтинин өлчөмүнөн ашпоого тийиш.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.