Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын арызынын негизинде, мамлекеттик мекеме Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишинде “кичи сейил бак” түзүүнүн эскиздик долбоорун иштеп чыкты. Мекеменин кызматкерлери: Ленин районунун башкы архитектору Улан Айжигитов, шаарды көрктөндүрүү секторунун жетекчиси Айнура Асанбаева Бишкек мэриясынын Ленин району боюнча муниципалдык администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте бул долбоорду ишке ашыруу маселелерин жеринде талкуулашты.