Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы кызмат көрсөтүүлөрдүн онлайн-форматына өтүүдө.
Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы электрондук форматта жеткиликтүү болгон мамлекеттик кызматтардын тизмесинин кеңейтилип жаткандыгын билдирет.
Иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын алкагында жүргүзүлүүдө.
Башкармалыктын кызматтарынын көпчүлүгүн эми жеке баруусуз жана кезек күтпөстөн толугу менен онлайн режиминде алууга болот: документтерди берүү, арызды кароо статусун көзөмөлдөө жана даяр болгон жыйынтыктарды жеке кабинет аркылуу cabinet.bga.gov.kg порталынан алууга болот.
Портал менен иштөө үчүн булуттук санариптик кол тамга талап кылынат, ал арыз берүүчү тарабынан өз алдынча таризделет жана берилген документтердин аныктыгын тастыктоо, ошондой эле порталдагы жеке кабинет үчүн колдонулат. Эгерде арыз ээсине арызга сканерленген документтерди тиркөөдө кыйынчылыктар жаралса, порталдын техникалык колдоо кызматына (https://t.me/bga_ais_support) кайрылуу сунушталат, адистер маселени чечүүгө жана документтерди электрондук түрдө тапшырууну аяктоого жардам беришет.
Электрондук форматта жеткиликтүү болгон кызматтардын толук тизмеси менен cabinet.bga.gov.kg. порталынан таанышууга, ошондой эле жеке кабинетти ачууга болот.
Мындан сырткары, Башкармалык видеоинтервью сериясын баштайт, анда өтүнмө ээлери электрондук форматта ар кандай кызматтарды алуунун жеке тажрыйбасы менен бөлүшүшөт: санариптик кол тамганы кантип тариздешкенин, документтерди жеке кабинет аркылуу бергендигин жана онлайн-форматка өтүү кандай артыкчылыктарды бергенин айтып беришет.
Документтерди берүүнүн санариптик форматына өтүү, кызмат көрсөтүүлөрдү алуу убактысын кыскартууга, арыз ээлерине административдик оорчулукту азайтууга жана башкаруу ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталат.