Борбор калаада Бишкек шаарынын шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын автоматташтырылган маалыматтык системасы боюнча долбоордун башкы архитекторлору жана долбоорлоочулары үчүн тааныштыруу жолугушуусу өткөрүлдү.
Жолугушууда башкармалыктын башчысынын орун басары Арсен Кыдыралиев системанын иштөө тартиби жана документтерди тапшыруу процессин жөнөкөйлөтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Катышуучуларга системанын артыкчылыктары, документтерди кароо мөөнөттөрүн кыскартуу жана процесстерди автоматташтыруу маселелери түшүндүрүлдү.
Ошондой эле системанын алкагында процедуралардын ачык-айкындуулугун камсыздап, документтердин жүрүшүн санариптик көзөмөлдөөгө жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга өбөлгө түзөрү белгиленди.
Талкуу архитекторлор жана долбоорлоочулардын суроо-жооптору менен коштолду. Бардык сунуш-пикирлер системанын функционалын мындан ары өркүндөтүүдө эске алынат.
Белгилей кетсек, аталган системаны ишке киргизүү шаар куруу жана архитектура тармагын санариптештирүүдөгү маанилүү кадамдардын бири болуп саналат. Система кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, адам факторун азайтууга, чечим кабыл алуу процесстерин тездетүүгө жана мамлекеттик кызматтардын ачык-айкындуулугун камсыздоого багытталган.
Бишкек шаарынын шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы тармактагы санариптик трансформацияны ырааттуу улантып, жарандар жана адистер үчүн ыңгайлуу, ачык жана натыйжалуу кызмат көрсөтүү механизмдерин өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө


