Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы башкы архитекторлор жана долбоорлоочулар үчүн “ББА АМТ” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун ишине арналган тааныштыруу жолугушуусун өткөрдү.


Иш-чара башкармалык менен кесипкөй коомчулуктун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле катышуучуларды шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндө киргизилип жаткан заманбап санариптик инструменттер менен тааныштыруу максатында уюштурулган.


Документтерди өткөрүп берүү процессин кантип жөнөкөйлөтүүгө боло тургандыгы жана тутумдун кантип иштээри тууралуу башкармалыктын начальнигинин орун басары Арсен Кыдыралиев айтып берди. Жолугушууга ошондой эле башкармалыктын бөлүмдөрүнүн начальниктери жана адистери катышышты.


Жолугушууда адистер “ББА АМТ” тутумунун негизги мүмкүнчүлүктөрүн, электрондук форматта арыздарды берүү жана коштоо тартибин, колдонуучулардын башкармалык менен өз ара аракеттенүү механизмдерин, ошондой эле башкармалыктын кызматтарын мындан ары санариптештирүүнүн келечегин кеңири баяндашты. Атап айтканда, катышуучуларга тутумдун функционалы көрсөтүлдү, ага колдонуучуларды алгачкы каттоо, долбоордук документтерди берүү, арыздарды кароонун статусун көзөмөлдөө жана жыйынтыктарды электрондук түрдө алуу кирет.


Тутумду практикада колдонуу, анын долбоорлоочулар жана архитекторлор үчүн артыкчылыктары, ошондой эле процесстерди автоматташтыруу аркылуу документтерди кароо мөөнөтүн кыскартуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тутумду киргизүү жол-жоболордун ачык-айкындуулугу, документтерди кароо этаптарын санариптик контролдоо жана арыз ээлери менен кызмат адамдарынын ортосундагы түз байланышты минималдаштыруу аркылуу коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга өбөлгө түзүлөөрү белгиленди.


Жолугушуунун алкагында ачык талкуу болуп өттү, анын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүп, тутумдун ишин мындан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизе алышты. Келип түшкөн бардык сунуштар, эскертүүлөр жана сунуштамалар башкармалыктын IT-адистери тарабынан кылдаттык менен иштелип чыгат жана “ББА АМТ” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун функционалын мындан ары өнүктүрүүдө жана өркүндөтүүдө эске алынат.


Башкармалык шаар куруу жана архитектура тармагында кызмат көрсөтүүнүн ачык-айкындуулугун, жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталган санариптик чечимдерди киргизүү боюнча ырааттуу ишин улантат.

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.