Шаар куруу жана архитектура департаменти Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы кызматтарды электрондук форматка которууну активдүү улантууда. Онлайн-фомартта кызмат көрсөтүү ишке киргизилгенден бери 2 890 жеке кабинет ачылды.
Бүгүнкү күндө кызмат көрсөтүүлөрдүн басымдуу бөлүгү онлайн форматта жеткиликтүү. Алсак, 2026-жылдын 25-майынан тартып маалыматтык жана жарнамалык конструкциялар боюнча архитектуралык-техникалык корутунду алуу үчүн арыз берүү, дизайн-кодго ылайык эскиздик долбоорлорду макулдашуу, имараттын фасаддык паспортун тариздөө, ошондой эле инженердик-техникалык шарттарды алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Кызматтарды электрондук форматка өткөрүү – процесстердин ачыктыгын жогорулатууга, кызмат көрсөтүүнүн бардык баскычтарын автоматташтырууга жана адам факторунун таасирин азайтууга шарт түзөт. Бул өз кезегинде коррупциялык тобокелдиктерди кыскартат.
Жогоруда аталган кызматтардын тизмеси менен таанышуу, ошондой эле жеке кабинетти ачуу үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу өтүңүз: cabinet.bga.gov.kg.