Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери “Ala-Too Trade & Industry Expo” эл аралык соода жана өнөр жай көргөзмөсүнө катышты.
Көргөзмөгө Кыргызстандан, Россия Федерациясынан, Өзбекстан Республикасынан, Беларусь Республикасынан, Кытай Эл Республикасынан жана Тажикстан Республикасынан 90дон ашык компания катышып, өздөрүнүн өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн жана заманбап технологияларын сунушташты.
Иш-чаранын алкагында курулуш, металлургия, машина куруу, энергетика, химия жана фармацевтика тармактарындагы инновациялык долбоорлор жана өндүрүштүк чечимдер тааныштырылды. Ошондой эле ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү, жаңы өнөктөштүк байланыштарды түзүү жана биргелешкен өндүрүш ишканаларын уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Көргөзмө катышуучулар үчүн тажрыйба алмашуу, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өнөр жай тармагындагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо боюнча натыйжалуу аянтча болуп кызмат кылды.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, “Ala-Too Trade & Industry Expo” эл аралык көргөзмөсү өнөктөштөрдү издөө, инвестицияларды тартуу жана өлкөлөр менен региондор ортосундагы өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү платформа болуп саналат.






